КБТОну ишке ашыруу боюнча чараларды күчөтүү максатында Кыргыз Республикасында өнөктөштүк серепти өткөрүү жөнүндө

Новости
23-Август 2022-ж.
1566

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Женевадагы Куралсыздануу боюнча бюросунун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ЕБ Кеңешинин 2019/97 Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сактоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу (КБТО) жөнүндө Конвенцияны колдоо боюнча Чечимине ылайык Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 16-19-август аралыгында өнөктөштүк сереп уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын өнөктөштүк сереп ишине Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан, Азербайжан Республикасынан, Грузиядан, АКШдан жана Монголиядан келген делегациялар, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, ЕККУнун, Жаныбарларды коргоо уюмунун, 1540 комитетинин, , UNODA, ISTC, CBRN ЕБ борбору, БУУнун куралсызданууну изилдөө институту. өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада куттуктоо сөздөрүн КР ЭКМ министринин орун басары Айнура Усенбекова, Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Раймондс Вингрис, КБТОнун Аткаруучу директорунун орун басары, КБТОнун Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Альцерекс Ламп, ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казымова сөз сүйлөдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө биологиялык коопсуздукка жана биологиялык коргонучуулукка комплекстүү улуттук мамилени иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштар, эксперттик корутундулар анын ичинде. Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзам долбооруна эксперттик баа берүү эске алынды.

Ошондой эле КБТОну ишке ашыруу боюнча чараларды күчөтүү максатында эл аралык, аймактык уюмдар жана өкүлчүлүктөр менен мындан аркы эл аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү аныкталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу