Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы

Новости
22-Август 2022-ж.
1586

2022-жылдын 19-августунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (мындан ары - ЕЭК Кеңеши) отуруму болуп өттү. Жыйынга министрликтен министрдин орун басары Вероника Исаева катышты.

Кеңештин жыйынынын күн тартибинде 28 маселе каралды.

ЕЭК Кеңеши отурумда медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө уюмдарды текшерүүчү субъектилердин чөйрөсүн тактады, Фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакциясын кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн кошумча негизди колдонуу мөөнөтүн узартты.

ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын 31-декабрына чейин ЕАЭБдин бажы аймагында убактылуу болуу жана пайдалануу мөөнөтү 2022-жылдын 21-февралынан 31-декабрына чейин бүтө турган товарлардын айрым категорияларын убактылуу ташып келүүнүн (алып кирүүнүн) бажы жол-жобосун узартты.

ЕЭК Кеңеши 2017-жылдын 20-декабрындагы «Жеке колдонуу үчүн товарларга тиешелүү айрым маселелер жөнүндө» Кеңештин чечимине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Андан ары ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ органдарында тышкы аудит (контролдоо) жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин долбоорун жактырды.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Казакстан Республикасынын сунушу боюнча чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн каалаган расмий өкүлүнө ЕАЭБде транспорт каражатын сертификациялоого, ошондой эле шайкештикти баалоо мөөнөтүн жайылтууга же узартууга уруксат берүүчү документти кабыл алышты. 

ЕЭК Кеңеши 2014-жылдын 23-декабрындагы ЕАЭБ алкагында медициналык багыттагы буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоорун жактырды. Протоколдун долбоору протоколго кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды аткаруу үчүн ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлдү.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 23-сентябрда Москвада түз форматта өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу