Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов түз эфирде ЭКМдин ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу суроолорго жооп берди

Новости
19-Август 2022-ж.
1216

2022-жылдын 19-августунда саат 15:00дө (30 мүнөт) КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов ЭКМда Инстаграм баракчасында жазылуучулар менен түз эфирде министрликтин негизги ишмердүүлүгү боюнча 10дон ашык актуалдуу суроого жооп берди.

Ч.Сейитов Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Алсак, 2022-жылдын январь-июль айларында ИДПнын көлөмү 425,1 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүш темпи Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 107,7%ды (2021-жылдын январь-июль айларында – 91,6%) түздү. 104,7% (2021-ж. январь-июлунда – 103,2%) түздү.

Аймактарды өнүктүрүү жаатындагы суроолорго жооп берди, атап айтканда,- Аймактарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталган “Бир айыл – бир продукт” долбоору кандай жүрүп жатат;

- бизнес-долбоор үчүн насыя алууга мүмкүнбү;

мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:

- ЭКМ канча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;

- бул кызматтарды электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алууга болобу;

Соода саясаты жаатында:

- кыргыз-казак чек арасында казак тарап жүргүзгөн контролдук-текшерүү иш-чаралары боюнча кырдаалды жөнгө салуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат;

Монополияга каршы саясат чөйрөсүндө:

- канттын баасын кармап туруу мүмкүнбү; экспортко тыюу салынгандан кийин заводдордо канча кумшекер запасы каклды, тартыштык болбойбу;

- Акыркы убакта күйүүчү-майлоочу майдын, тактап айтканда дизель майынын кымбатташы байкалдыбы? Буга байланыштуу эмнелер аткарылып жатат;

Бизнес-чөйрө саясаты жаатында:

креативдик чыгармачыл өндүрүш тармагында кандай иштер аткарылып жатат.

Түз эфирдин жүрүршүндө министрдин биринчи орун басары министрликке тиешеси жок түрдүү суроолорго да жооп берди:

- ашпозчулардын айлыгы кайдан алынат;

- эмне үчүн Айыл чарба министрлиги аткара турган иштерди Экономика жана коммерция министрлиги аткарышы керек деп чаташтырып берилген суроолор да болбой койгон жок. Ошондой эле НПАда кластер түшүшнүгүнүн конкреттүү аныктамасы барбы, кластер кошумча нарк чынжырынан эмнеси менен айырмаланат, өсүү динамикасына кандай көрсөткүчтөр адекваттуу бпа бере алат, ОМСУ же Министрлер кабинети соода обьектилерин куруу тапшырмасын өздөрү коюшу керекпи ж.бу.с. суроолор да берилди

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу