Стамбул шаарында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жолугушуусу жөнүндө

Новости
18-Август 2022-ж.
1750

2022-жылдын 15-августунан 19-августуна чейин Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Инвестициялык фондун (ТМУ) түзүү маселесин изилдөөнүн алкагында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул жыйында Кыргыз Республикасын экономика жана коммерция министринин орун басары  Канат Абдрахманов жетектейт.

Жыйында капиталдаштыруу, директорлор кеңеши, башкы директор, укуктук статусу, структурасы, башкаруу схемасы боюнча Келишимдин долбооруна киргизилген негизги маселелер талкууланат.

Бул Инвестициялык Фондду түзүүнүн максаты - аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу ТМУ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар мындан аркы кол коюуга даярдоо максатында мамлекеттик  процедураларды өткөрүүгө жиберилүүчү Макулдашуунун тийиштүү долбоорун иштеп чыгышат жана макулдашат.

Бул Макулдашууга Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында кол коюу пландалууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу