Кыргызстандарт БУУнун ЕЭК стандарттарын илгерилетүү боюнча иш алып барууда

Новости
17-Август 2022-ж.
1447

БУУ ЕЭК стандарттарын алдыга жылдыруу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу жогорку деңгээлге чыкты. Борбордук Азия чөлкөмүндө бизнес-коомчулуктун демилгеси жана региондун өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан) стандартташтыруу боюнча мамлекеттик институттарынын колдоосу менен “Борбор Азия жумушчу тобу” түзүлүп, анын алкагында ар бир өлкөдө Улуттук техникалык жумушчу топтор иштейт. 

Кыргызстандын Улуттук техникалык жумушчу тобу Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун “Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун жана Кыргыз-Германия-Швейцариянын “КР жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып, БУУнун ЕЭК стандарттарынын ролун, бул стандарттардын талаптарын жана алардын практикалык колдонулушун түшүндүрүүчү мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтык видеороликтерди даярдады.

Стандарттарды илгерилетүү боюнча иштин алкагында бул видеороликтер БУУ ЕЭК коммерциялык стандарттарынын ролун жана маанилүүлүгүн түшүндүрөт, ошондой эле фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын рыноктун талаптары, эл аралык талаптарга ылайык сорттоо, таңгактоо жана маркировкалоо эрежелери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Кыргыз борбору (Кыргызстандарт) Кыргызстандагы НТГ координатору болуп, жаңы жана кургатылган мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга БУУ ЕЭК стандарттарын жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. БУУ ЕЭКтин бир катар стандарттары да кабыл алынган.

Бул видеолорду ПРООНдун (ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы) расмий YouTube баракчасынан  https://www.youtube.com/watch?v=5SWs6T0HUgY&list=PLOu-CsdLaS7RzEIat3n5fvr-39IduxncJ шилтемеси аркылуу көрө аласыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу