Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өтөт

Новости
16-Август 2022-ж.
1626

Бүгүн, 2022-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжан Республикасынын Вице-премьер-министри Али Ахмедовдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өтөт.

2022-жылдын 15-августунда Баку шаарында (Азербайжан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасынын Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумунун эксперттик жыйыны болуп өткөн. 

Өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери, атап айтканда: соода-экономикалык кызматташтык, эмгек, социалдык жана миграция чөйрөлөрүндөгү кызматташтык, инвестициялык кызматташуу, айыл чарба, транспорт, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана кызматташуунун башка маанилүү багыттары камтылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу