Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” онунчу мааракелик эл аралык форуму өтөт

Новости
15-Август 2022-ж.
1253


2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” 10-мааракелик эл аралык форуму өтөт. 


Форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.


Быйылкы жылдын негизги урааны: “Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери!”. Бизнес-программада 12 талкуу сессиясы (анын ичинде жаштар сессиясы) камтылган, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү; дары-дармектердин, БАК жана медициналык буюмдардын онлайн-соодасы темалары козголот; интеллектуалдык менчик, курулуш материалдарын, китеп сатуу, тамеки жана никотин камтыган продукциялардын рыногу тармагында IT-технологияларды колдонуу маселелери каралат.


Форумдун милдеттеринин арасында: ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү; ЕАЭБде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо механизмдерин, продукциянын шайкештигин тастыктоо жана продукциянын сапатын натыйжалуу контролдоо боюнча аспаптарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; товарлардын жүгүртүүсүн идентификациялоо жана көзөмөлдөө максатында инновациялык технологияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу.


Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы.


Форумдун оператору: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент).



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу