Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн методикасы бекитилди

Новости
12-Август 2022-ж.
1620

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы  токтомуна ылайык Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (жаңы редакцияда) бекитилген, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Ушуга байланыштуу жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүдө иштелип жаткан ченемдик укуктук актыларга карата Министрлик ушул Методологияны жетекчиликке алууну өтүнөт.


Мындан тышкары, жөнгө салуучу таасирин талдоо 2022-жылдын 10-августуна чейин жүргүзүлсө, анда Методиканын жаңы редакциясы күчүнө киргенге чейин министрликтин экспертизасына берүүнү сунуштайбыз.


Башка учурларда Министрлик жүргүзүлүп жаткан ЖСТны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык келтирүүнү өтүнөт. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу