Лицензияларды жана башка уруксаттарды берүү жол-жоболорун санариптештирүү жөнүндө

Новости
10-Август 2022-ж.
1578

2022-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын жана кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында уруксат алуу үчүн арыздарды кабыл алуу процессин автоматташтыруу боюнча пилоттук тестирлөө жүргүзүү боюнча жыйын өттү. 

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында лицензиялануучу ишмердикти жана уруксаттарды оптималдаштыруу, лицензияларды жана башка уруксаттарды берүү жол-жоболорун санариптештирүү, лицензиялык талаптарды конкреттештирүү жана жеке ченемдерди тактоо, ички карама-каршылыктарды жоюу милдеттери камтылган. Лицензиялоо процедуралары кыйла даражада иретке келтирилет.

Учурда министрлик www.elicense.gov.kg лицензияларды жана башка уруксаттарды берүү жол-жоболорун санариптештирүү боюнча пилоттук тестирлөө процессин баштады.

Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестринин платформасында www.elicense.gov.kg, алуу үчүн арыздарды электрондук түрдө берүү:

- мамлекеттик аңчылык лицензиясы;

- автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензиялар (жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерден тышкары);

- суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташууга лицензиялар;

- автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга лицензиялар;

- автотранспорт каражаттары менен оор жана (же) көлөмдүү жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат;

- чет өлкөлүк автомобиль ташуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдү ташууга атайын уруксат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жүк ташуучулары үчүн уруксат; үчүнчү мамлекеттердин аймагына кирүүгө жана транспорт министрлеринин европалык конференциясынын көп тараптуу уруксаты.

Ошондой эле белгиленген портал убакытты кыскартуу, активдүү маалыматты алуу жана бардык кызыкдар тараптарга ыңгайлуу пайдалануу максатында түзүлүп жатканы жана иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык уруксаттар (сертификаттар, корутундулар, лицензиялар, уруксаттар ж.б.) тууралуу маалыматты камтый тургандыгы белгиленди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө уруксат алуу үчүн арыз берүү процессин автоматташтырууну андан ары пилоттук түрдө өткөрүү жана бул долбоорду ишке ашырууда оптималдаштыруу маселелери талкууланды

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу