“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун 3-фазасынын жетишкендиктерин баалоо жана 4-фазасын талкуулоо жөнүндө

Новости
10-Август 2022-ж.
1536

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Нарын-бренд товардык белгини сыйлоо боюнча комиссиянын үчүнчү отуруму болуп, анда облуста өндүрүлгөн 10 продукция Нарын-бренд товардык белгисин ыйгаруу үчүн тандалып алынды. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов бүгүн, 2022-жылдын 10-августунда «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун 3-фазасынын жетишкендиктерин баалоону белгилеп, радиоуктуруу учурунда билдирди. 

Ушуга байланыштуу, ал белгилегендей, JICA офиси БАБП долбоорунун тобу менен бирге БАБП долбоорунун 3-фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоо максатында Нарын жана Ысык-Көл облустарына мониторингдик сапар өткөрүлдү, анын жыйынтыгы боюнча долбоорду узартуу жана анын масштабын кеңейтүү туураалуу чечим кабыл алынат. 

Ошондой эле, Экономика жана коммерция министрлигинде бул маселелер боюнча жыйын болуп өттү, анда талкуулоонун күн тартибинде БАБП долбоорунун 3-фазасынын жетишкендиктерин баалоо жана мониторингдик сапардын аягында бул фазаны баалоо методологиясын түшүндүрүү каралды. JICA БАБП миссиясынын өкүлдөрү 3-фаза долбоору баалана турган индикаторлордун матрицасын иштеп чыгышты жана көрсөтүштү.

Мындан тышкары, JICA БАБП долбоорунун өкүлчүлүгү менен Нарын облусунун губернаторунун ортосунда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун бет ачары боюнча жолугушуу болуп өттү, анда Нарын облусунда ишке ашыруу механизмин киргизүү жана мындан аркы кызматташуу маселелери каралып  талкууланды.

Соңунда министрдин биринчи орун басары белгилегендей, бүгүн, 10-августта, аймактарды кыдыруу миссиясынын соңунда Экономикалык коммерция министрлигинде JICA өкүлчүлүгү менен БАБП долбоорунун тобу менен жолугушуунун жыйынтыгын чыгаруу, долбоордун 3-фазасын баалоо жана JICA БАБП долбоорунун кийинки 4-фазасын талкуулоо үчүн жыйын өткөрүлөт.

Маалымат үчүн:

Нарын облусунун башчысынын тапшырмасы менен Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JIKA) «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында «Нарын брендинин» Сыйлык комитети 2018-жылдын 1-мартынан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө комитеттин 2 отуруму өтүп, биринчи отурумда 5 товар, экинчи отурумда 5 товарга Нарын-Бренд товардык белгиси ыйгарылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу