Министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов: “Бир айыл – бир продукт” долбоору аймактарды өнүктүрүүгө багытталган

Новости
10-Август 2022-ж.
1714

“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун негизги ишмердүүлүгү жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу, кирешелүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, алардын сапатын жогорулатуу менен, БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга жана туруктуу, өзүн-өзү камсыз кылуучу экосистеманы түзүүгө багытталган. 

Бул тууралуу бүгүн, 2022-жылдын 10-августунда Бишкектеги радиоуктурууда КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, долбоорду алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки башында турган делегациясы менен протоколдук жолугушуусу болуп өткөн.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун аймактарда ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, продукция популярдуу болуп, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатканын белгиледи. Министрлер кабинети бул долбоорду өлкөнүн айыл жеринде өндүрүштү стимулдаштыруу жана жолго коюу, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүү, прикладдык өндүрүштү өнүктүрүү гана эмес, айыл калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган улуттук долбоорго айлантууну максат кылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу