Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусу менен Зарбулог инжиниринг компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Новости
09-Август 2022-ж.
1724

2022-жылдын 3-4-августунда Ташкентте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин региондорунун башчыларынын форумунун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгы Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусу жана Зарбулог инжиниринг компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Форумга Кыргыз Республикасынан КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов баштаган делегация жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, ошондой эле Кыргызстандын ишкерлери катышты. 

Форумдун алкагында Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин жетекчилиги  Россия Федерациясынын Челябинск облусунун губернатору А.Текслер, Омск областынын А.Титов жетектеген Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана  Н.Осипованын Түштүк-Урал соода-өнөр жай палатасы, В.Загированын «ТЕКО Рус» ЖЧКсы, Д.Шишкиндин «РИФИНГ-Сервис» ЖЧКсы, Е.Субачевдин «Спецагрегат» заводу, С. Поповдун «КузнецБизнесБанк» (Новокузнецк, Россия Федерациясы) Е. Герасимовдун «НПО Андроидная техника» ААК (Москва, РФ) менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

Жолугушуулардын жүрүшүндө россиялык тараптын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат, берилген салыктык жеңилдиктер, электр энергиясына болгон тарифтер ж.б.у.с. Активдүү маалымат алмашуу болуп, россиялык тарап иш жүзүндө келишимдерди жана ниеттерди түзүү үчүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасына келүү каалоосун билдирди.

Делегация мүчөлөрү ошондой эле «Крантас» ар кандай атайын унааларды чыгаруучу заводдо болушту (Ташкент, Өзбекстан), анда Бишкек мэриясынын өкүлдөрү коммуналдык жабдууларды сатып алуу каалоолорун билдиришип, кызматташуу ниети жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу