Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корея комиссиясынын 5-жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды

Новости
09-Август 2022-ж.
1345

2022-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, болгон потенциалды белгилешти, ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттерди жумшаарына ишеним билдиришти. Ошону менен бирге тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жана алдыңкы илимий технологияларды киргизүү боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.

Мындан тышкары, Тараптар экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Жалпысынан Өкмөттөр аралык комиссиянын иши соода жана инвестиция чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин мындан ары жана жемиштүү өнүгүшүнө үмүт артышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу