Араб координациялык тобунун 4-тегерек столунун жыйынтыгы боюнча жыйындын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюлду

Новости
04-Август 2022-ж.
1724

Чолпон-Ата шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жана Кувейт Араб Экономикалык өнүгүү фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Араб координациялык тобунун 4-тегерек столу аяктады.

4-тегерек столдун алкагында араб фонддорунун кароосуна ипотекалык насыялоо, транспорт, саламаттыкты сактоо, ирригация, билим берүү, коммуникация сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор сунушталды.

Араб координациялык тобунун жыйынына кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеп, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери да катышты.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чаранын алкагында КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Араб фонддорунун жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Араб координациялык тобунун 4-тегерек столунун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуу стратегиясы талкууланды. Бул Стратегияда ипотекалык кредиттөө, энергетика, транспорт, ичүүчү суу менен камсыздоо, санариптештирүү, соода, каржылоонун ислам принциптери, халал индустриясын өнүктүрүү ж.б. сыяктуу тармактарда кызматташуунун узак мөөнөттүү пландары чагылдырылган.

Араб координациялык тобунун 4-тегерек столунун ишинин жыйынтыгында жыйындын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу