Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму жөнүндө

Новости
03-Август 2022-ж.
1740

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин (МЭК) биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги 59-жыйыны өттү.

Тактап айтканда, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине Ички иштер министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук аттестациялык комиссия, ЭКМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселелер каралды. 

Мындан тышкары, Ведомстволор аралык комиссия асыл тукум малдын алынып келинген уруктарынын сапатын лабораториялык текшерүүнүн  мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Айыл чарба министрлигинин сунуштарын карап чыгып, анын сапатын аныктоону жана асыл тукум малдын импорттук жана экспорттук уруктары, ошондой эле асыл тукум малдын асыл тукумдук жана продуктуу сапаттарын жана тегин аныктоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, асыл тукум малдын тегин, продуктуулугун жана башка сапаттарын, ата-энелеринин генетикалык тегин жана асыл тукум малдын сапатын ырастоочу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр урук же эмбриондуэсепке алууну камтыган лабораториялык корутундуну берүү менен жактырды. 

Ошондой эле жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Ички иштер министрлигинин, ЭКМге караштуу СМБнун, УАКнын, БИКтин, АЧМнин Президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, юридикалык жактарга, ошондой эле аларды электрондук форматта берүү сунуштары каралды жана жактырылды. 

Ведомстволор аралык комиссиянын отурумуна мамлекеттик органдардын, жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышып, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын өзгөртүү боюнча мамлекеттик органдардын отурумда каралган бардык сунуштары Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген принциптерге толугу менен шайкеш келери белгиленди. 

Ошондой эле, Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жана Мыйзам долбоору,

 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тууралуу маселелер каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу