Бишкек шаарында Биринчи Евразиялык экономикалык форумду даярдоого жана өткөрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн сыйлоо жөнүндө

Новости
03-Август 2022-ж.
1831

2022-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде  26-майда Бишкекте болгон Биринчи Евразиялык экономикалык форумду даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү расмий түрдө сыйланышты.

Министрдин орун басары Вероника Исаева чогулгандарды куттуктап жатып, Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум кыйла ийгиликтүү өтүп, Биримдиктин аймагында анын келечегине түздөн-түз негиз салынганын белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрдин орун басары Евразиялык экономикалык интеграциянын кызматташуусун чыңдоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардык катышуучуларга мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Сыйлангандардын тизмеси тиркелет.

Маалымат үчүн:

Форум «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталды. Ага мүчө-мамлекеттердин башчылары, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, ошондой эле эл аралык, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Форумга Биримдикке мүчө мамлекеттерден, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 2 миңден ашык катышуучу келген. Форумдун алкагында маданият, өнөр жай, билим берүү, транспорт, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, ошондой эле электрондук коммерция чөйрөсүндө тараптардын кызматташтыгын жана өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого багытталган 20дан ашык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу