Министр Д.Амангелдиев: Кыргызстан Орусия, анын ичинде Татарстан жана Башкыртстан менен байланышты мындан ары да бекемдөөнү максат кылууда

Новости
02-Август 2022-ж.
1376

2022-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Татарстан Республикасынын жана Башкыртстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы бизнес миссиясынын делегациясы: "Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" союзунун төрагасы Шамил Агеев жана Башкыртстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов менен жолугушту.

Министр Кыргыз Республикасы кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн ар тараптуу стратегиялык мүнөзүн жогору баалай турганын, Россия Федерациясы, анын ичинде Татарстан Республикасы жана Башкыртстан Республикасы менен ар тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.

Министр ошондой эле кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн эске алуу менен Кыргызстан үчүн соода-экономикалык кызматташтыкты жана өнөр жай, инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы импульс берүү болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынан жыйынга «Кыргызиндустрия» ААК, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Холдинги катышып, өнөр жай кооперациясы, туризм сектору, ошондой эле экологиялык багыттагы долбоорлор боюнча презентацияларды жасашты.

Өз кезегинде «Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы» биримдигинин төрагасы Ш.Агеев жана Башкыртстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.Хакимов жолугушууга жана маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. 

Ошондой эле, Татарстан Республикасы менен Башкыртстан Республикасынын бизнес миссиясынын өкүлдөрү Башкортостан Республикасынын соода-экономикалык мамилелери, инвестициялары жана туристтик потенциалы боюнча баяндамаларды жасашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү жана келечектүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу