КР Экономикалык коммерция министрлигинин башчысы ИӨБ аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушууда кызматташуунун келечегин талкуулады

Новости
02-Август 2022-ж.
1802

2022-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрагим Али Шукри менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечеги талкууланды.

Министр Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө, анын ичинде жаңы долбоорлордун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Министр өлкө боюнча ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ИӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча документти кабыл алуу зарылдыгын да белгилешти.

Министр ошондой эле Кыргыз Республикасындагы маанилүү маселелердин бири өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу болуп саналгандыктан, ипотекалык насыялоо программасынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, министр халал индустриясынын долбоорлорун өнүктүрүүнүн, кичи жана орто бизнеске жана халал продукциясын өндүрүүчүлөр/фермерлерге шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ибрагим Али Шукри эки тараптуу кызматташууну эки тарапты кызыктырган артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу