Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун 11-жыйыны онлайн режиминде өттү

Новости
01-Август 2022-ж.
1721

2022-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевтин төрагалыгы алдында  кыргыз тараптан жана СУАР Кытайдын Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей айым менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун 11-жыйыны онлайн режиминде өттү. 

Тараптар пандемиянын кесепеттерин жоюп, 2019-жылы өткөн 10-жыйынынын протоколун ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттерди көрүшкөнүн белгилешти.

Буга Кыргыз Республикасынын “Нарын” эркин экономикалык аймагы менен Кытайдын Кашкар (мамлекеттик) комплекстүү бажы аймагынын администрациясынын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлушу далил болду.

Алкактык макулдашуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүү жана эки Тараптын өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканаларынын экономикалык кирешелерин жогорулатуу максатында экономиканын артыкчылыктуу тармактарын, айыл чарба продукцияларын жана эл аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунан тартып Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамынын ачылышы, 2022-жылдын 26-июлунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 15-жыйыны жана Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И мырзанын Кыргыз Республикасына иш сапары да маанилүү болду. 

Министр Д.Амангелдиев эки тараптын аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгиледи. Коронавирустук эпидемиянын алгачкы баскычында жана туу чокусунда аймактар аралык деңгээлде тараптар бири-бирине баа жеткис жардам көрсөтүшкөн. Эпидемиянын башталышында (2019-жылдын 20-27-апрелинде) Кыргызстандын дарыгерлерине кеңеш берүү үчүн өлкөбүзгө келген КЭР СУАРынын адистери эпидемияга каршы күрөшкө баа жеткис салым кошушту.

Тараптар трансчек аралык электрондук коммерция чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө, инновациялык соода-экономикалык иш-чараларды жүргүзүүгө, агротехнологияларды жана айыл чарба билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын алмашууга, эпидемиялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча кырдаалга жараша карантиндик процессти оптималдаштырууга макулдашышты жана чек ара пункттарында товарларды өткөрүү көлөмүн жогорулатууга жигердүү көмөк көрсөтүү, Кыргызстандан экологиялык жактан таза жана жогорку сапаттагы айыл чарба жана мал чарба продукциясын жана башка продукциянын түрлөрүн импорттоону тынымсыз көбөйтүүнү талкуулашты.

Жалпысынан тараптар көп кырдуу, толук масштабдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө жана пландаштырылган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө умтуларын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу