Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Корея Республикасынын Мамлекеттик суу ресурстар корпорациясынын («K-Water») өкүлдөрү менен жолугушту

Новости
29-Июль 2022-ж.
1600

2022-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Корея Республикасынын Суу чарба мамлекеттик корпорациясынын («K-Water») өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

Министр Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу ишке ашыруу боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде K-Water компаниясынын Аткаруучу вице-президенти Пак Пён Рок жолугушуу жана өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ГЭСтерди өнүктүрүү, куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле суу ресурстары жана суу менен камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну илгерилетүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун башка маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, Корея Республикасынын Мамлекеттик суу ресурстары корпорациясынын «K-Water» өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен алдыдагы Чакан ГЭСтердин курулушун долбоорлоо жагынан Меморандумга кол коюу жөнүндө маалымат беришти. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жана жемиштүү узак мөөнөттүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу