Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешинин үчүнчү отуруму боюнча маалымат

Новости
29-Июль 2022-ж.
1793

2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Чон залында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун катышуусунда Бишкек шаарында офлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кеңештин төрагасы Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү


Кеңештин отурумунун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                     1-сентябрындагы № 159 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасынын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорунун 2-тиркемесине тиешелүү толуктоолордү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе каралды.


Кеңештин чечими менен тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген “Республикалык бюджеттен 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган 2022-жылга карата каржылануучу Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын” долбоору жактырылды. 


Райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдерине, шаарлардын мэрлерине, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жогоруда аталган токтом долбоорунун иш-чаралар планын өз убагында ишке ашыруу жана бөлүнүүчү акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча тапшырма берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу