Экономика министрлигинин бир нече кызматкерлери “Экономиканын отличниги” деген төш белгиси жана «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү» майрамына карата Ардак грамота менен сыйланышты.

Новости
28-Сентябрь 2014-ж.
2538
""2013-жылдын 16-сентябрындагы министрликтин №196 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сыйлыктар жөнүндө Жобосуна ылайык, министр Темир Сариев «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү» майрамына байланыштуу жана ак ниет, кынтыксыз эмгеги, республиканын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы, иште кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн Министрликтин Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен төмөндөгү кызматкерлерди сыйлады.


Игонин Юрий Михайлович – макроэкономикалык саясат башкармалыгы Экономиканы мобилизациялоо жана материалдык резервдер секторунун башчысы;

Султанбаева Сайракуль Кочорбаевна - мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жѳнгѳ салуу бѳлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Соороноев Эркин Керимбаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Сыноонун сертификаттоонун жана метрологиянын бишкек борборунун директору;

Ли Никифор Петрович – "№1 Кант ПМК" ААКтын жетекчиси.

Ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү» майрамына байланыштуу ак ниет жана кынтыксыз эмгеги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине кошкон жеке салымы, иште кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн Министрликтин Ардак грамотасы менен төмөндөгү кызматкерлерди сыйлады.

Шамраев Василий Николаевич - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун башкармалыгынын начальниги;

Айтмурзаева Динара Турдакуновна - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун Метрология башкармалыгынын сапат менеджменти жана маалымат технологиялары бөлүмүнүн начальниги;

Орозбеков Бактыбек Орозобекович - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын Түндүк аймак аралык бөлүмүнүн башкы инспектору;

Оморова Чолпон Садыбакасовна - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Түндүк башкармалыгынын Нарын бөлүмүнүн башкы адиси;

Кучуева Салтанат Асыковна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Энергетиканы жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Кулмолдоев Жылдызбек Абсаматович - ЖЧК Майлуу-Суу лампа заводунун” айнек цехинин жылуулук- техникалык курулмалар участогунун начальниги;

Бомурзаев Мусабек Жамалович - ЖЧК Майлуу-Суу лампа заводунун” цоколь-картонаж цехинин муздак штамптоочу жабдуусунун жөнгө салуучусу;

Лейман Владимир Вильгельмович - ЖЧК Майлуу-Суу лампа заводунун” инструмент-механикалык цехтин техникалык жетекчиси;

Есеналиева Арзыкан Апышевна - ЖЧК Майлуу-Суу лампа заводунун” топтоочу цехтин тетиктерди жана приборлорду текшерүүчүсү;

Абдуллаев Нурали Ташбутович - ЖЧК Майлуу-Суу лампа заводунун” топтоочу цехтин начальниги;

Молдоисаев Джаныбек Турдубекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Эл аралык кызматташтык, экономика жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги;

Джонатан Хорнбрук – GIZ Минералдык ресурстар өнүгүү үчүн” программасынын директору;

Константин Милащенко - GIZ эксперти.

Мындан сырткары «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү» майрамына байланыштуу жана ак ниет эмгеги үчүн төмөндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Эсенбек кызы Алмагул – Административдик-чарбалык бөлүмүнүн стенографисти;

Уметалиев Аллаберди Турсункулович - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын Түштүк аймак аралык метрологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу