Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коллегиясында 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Новости
29-Июль 2022-ж.
1904

28-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коллегиясынын жыйынында 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында фонддун ишинин негизги багыттары боюнча ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулду.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун жалпы таза пайдасы 6,5 миллиард сомго жакын, ал эми мамлекеттик ишканалар 1 миллиард сомдон ашык сомду түздү. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке каражаттардын иш жүзүндө түшүүсү 1868,9 млн сомду түздү.

Коллегияда Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдына 2021-жылы пайда болгон мамлекеттик ишканалардын кирешесинин өсүшүнүн оң тенденциясын бекемдөө, улантуу жана экономиканын мамлекеттик секторунун кирешелүүлүгүн максималдуу жогорулатуу милдетин койду. Эске сала кетсек, өткөн жылдын аягында мамлекет катышкан акционердик коомдордун жалпы таза пайдасы 11 миллиард сомдон ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардын жалпы таза пайдасы 2 миллиард сомдон ашык болгон.

Канат Абдрахманов Фонддун жетекчилигин мамлекеттик ишканалардын стратегияларын иштеп чыгууга, инвестициялык күн тартибин түзүүгө жигердүү катышып, активдерди, токтоп турган аянттарды, анын ичинде мамлекеттик-жеке менчик шериктештиктер аркылуу натыйжалуу пайдалануу боюнча чечимдерди сунуштоого чакырды.

Ал ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу системасында бир катар резервдер бар экенин, аларды бизнеске сунуштап, коммерциялык жүгүртүүгө тартуу керектигин белгиледи. Фонддун Башкармалыгынын мүчөлөрү ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкарууга жана ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелердин коомчулукка жана бизнеске ачык болушунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу