«Орион» мейманканасында Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Новости
28-Июль 2022-ж.
1665

2022-жылдын 27-июлунда «Орион» мейманканасында Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары - Кеңеш) кезектеги жыйыны болуп, анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ишинин жыйынтыктары каралды.

Жыйындын ишине Кеңештин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, “Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын” теңтөрагасы-президенти Гүлнара Ускенбаева, Кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү,  Кыргыз Республикасынын 13 министрликтеринин жана ведомстволорунун, өнүктүрүү боюнча өнөктөш эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү  катышты. 

Өз сөзүндө Кеңештин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүнкү күндө дүйнө COVID-19 коронавирус инфекциясынын кесепеттеринен улам оор кырдаалга туш болуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда саясий жана экономикалык кырдаал начарлап кетти, бирок ошого карабастан, Кыргыз Республикасында сооданы жеңилдетүү боюнча иштер, биздин урматтуу өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн колдоосу менен улантылууда. Ошондой эле, Кеңештин төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерин мүмкүн болушунча салым кошууга, ал эми жеке секторду ТСЖ Планында белгиленген механизмдерди уюштуруу жана чечүүдө активдүү болууга чакырды.

 Жыйындын жүрүшүндө Катчылыктын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер жана суу транспорту департаментинин,   М.Рыскулбеков атындагы университеттин алдындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча компетенция борборунун 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери тууралуу маалымат угулду. 

Ошондой эле, Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын ЭСКАТО кагазсыз соода конвенциясына кошулууга даярдыгына баа берген эл аралык эксперттин баяндамасы угулду.

Кеңештин отурумунун  жыйынтыгында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынып, кеңештин мүчөлөрү бир добуштан жактырышты.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы No 183 Мыйзамына ылайык, 2014-жылдын 27-ноябрында Женева шаарында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун (ДСУ) түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификацияланды.

Бул Протокол ДСУга мүчө-мамлекеттер тарабынан Соодага көмөктөшүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну карайт, аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы No 435 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында Соодага көмөктөшүү боюнча Кеңеш (СКК) ) түзүлүп, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21-июндагы No 172 токтому менен бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу