Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны онлайн режиминде өттү

Новости
27-Июль 2022-ж.
1786

2022-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев онлайн режиминде соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 15-жыйынына катышты. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, кытайлык бөлүгүн – Эл аралык сүйлөшүүлөрдөгү өкүл (министрлик даражадагы) – Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары мырза Ван Шоувен жетектеди.  

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Эл аралык сүйлөшүүлөрдөгү өкүл (министрлик даражадагы) – Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь ушул жолугушуунун алкагында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн Программага кол коюшту.

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын негизги милдеттери ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара сооданы көбөйтүү, соода-саясий координацияны чыңдоо, сооданы либералдаштыруу, капиталдын кыймылынын эркиндигин камсыздоо, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, бажы, маалымат-коммуникациялык, транспорттук-логистикалык инфраструктуранын өз ара байланышын өнүктүрүү, өнөр жай кооперациясын жана өндүрүш чынжырларын өнүктүрүү, ошондой эле ошондой эле «Бир алкак – бир жол» демилгесин биргелешип куруу боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгелерди алга жылдыруу жана колдоо болуп саналкат.

Мындан тышкары, 15-кеңешменин алкагында тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданы сапаттуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жеткирилүүчү айыл чарба продукциясынын ассортиментин кеңейтүү, электрондук сооданы өнүктүрүү жана Торугарт жана Эркештам өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүдө келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча иш-чаралардын биргелешкен планын түзүүнү макулдашышты.

Тараптар ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешип, пандемия жана ага байланыштуу карантиндик чаралардын ишке ашырылышына таасир эткен пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүүгө ниеттерин билдиришти.

АЧК-2 долбоорлорунун жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында кытайлык адистердин Кыргызстанга келиши  2022-жылдын 19-июлунда долбоорду ишке ашырууну кайра баштоо үчүн маанилүү кадам болду.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунан тарта Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамынын ачылышы да чон мааниге ээ.

Мындан тышкары, тараптар Кытай-Кыргыз инвестициялык фондун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.

Тараптар ошондой эле өлкөлөр ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешти. Коронавирустук эпидемиянын алгачкы баскычында жана туу чокусунда аймактар аралык деңгээлде тараптар бири-бирине баа жеткис жардам көрсөтүшкөн.

Эпидемия башталганда (2019-жылдын 20-27-апрелинде) Кыргызстандын дарыгерлерине консультациялык жардам көрсөтүү үчүн өлкөбүзгө келген КЭР СУАРынын адистери эпидемияга каршы күрөшкө баа жеткис салым кошушту.

Көрүлгөн чараларга жана оорунун азайышына карабастан, пандемия уланууда, ошондуктан тараптар өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, маалымат, ошо ндой эле COVID-19 жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча мыкты тажрыйба алмашууну макулдашты.

Тараптар 2022-жылдын 29-июлунда. Кыргыз Республикасынын Экономика жана  коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында онлайн режиминде өтө турган соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун 11-отурумун канааттануу менен белгилешти.

Жалпысынан тараптар көп кырдуу жана толук масштабдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө жана пландаштырылган долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө умтуларын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу