Кыргызстан ДСУнун платформасында Молдова Республикасынын Соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
26-Июль 2022-ж.
1638

2022-жылдын 20-22-июлунда ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Молдова Республикасынын Соода саясатынын серепине катышты. (ССС)

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максутов билдирди. Сөзүнүн башында ал Молдова Республикасынын Экономика министри Вадим Гумене мырза баштаган өлкөлөрдүн делегацияларына салам айтып, ДСУнун катчылыгы менен бирге жакшы даярдалган доклад үчүн ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн башында Нурбек Максутов Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда келе жаткан дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул контекстте Швейцария эки тараптуу мамилелердин да, көп тараптуу платформалардын да алкагында Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү өнөктөш бойдон калууда.

Белгиленгендей, Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин укуктук негизин 30дан ашык өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтер түзөт. Негизги экономикалык келишимдер: 1996-жылдын 21-ноябрында күчүнө кирген Эркин соода келишими; 2004-жылдын 16-январында күчүнө кирген Инвестицияларды тартуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу; 2006-жылдын 16-январында күчүнө кирген Кирешелерге жана мүлккө кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү орто эсеп менен 2 миллион АКШ долларын түзөт, бул өлкөлөр ортосундагы болгон потенциалга дал келбейт.

Буга байланыштуу Нурбек Максутов олуттуу талкуу жана өз ара аракеттенүү үчүн инвестициялык жана бизнес-форумдарды уюштуруу, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөө зарылдыгын белгиледи. Айрыкча айыл чарба тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар экени айтылды.

Бул багытта КР ЭКМ өкүлү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-молдава өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин кайра баштоого өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Өзүнүн сөзүн жыйынтыктап жатып, өкүл бүгүн Молдова эң либералдуу тышкы соода саясатын жүргүзүп жатканын жана ДСУга мүчөлөрдүн арасында абдан жагымдуу инвестициялык режимге ээ экендигин баса белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Нурбек Максутов Молдовага ДСУнун алкагындагы көп тараптуу талкууларга жигердүү жана конструктивдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын атынан ыраазычылык билдирди жана Соода саясатынын ийгиликтүү каралышын каалады.

Маалымат үчүн: Соода саясатын карап чыгуу механизми – бул ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатына жана алардын ДСУнун эрежелерине, нормаларына жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы. ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатын үзгүлтүксүз карап чыгуунун максаты ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатынын ачыктыгын жогорулатуу аркылуу көп тараптуу соода системасынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү болуп саналат. ДСУнун бардык мүчөлөрү соода саясатын карап чыгуу процессинен өтүшөт. Дүйнөлүк соодада эң чоң үлүшкө ээ болгон төрт мамлекет (учурда Европа Биримдиги, АКШ, Жапония жана Кытай) эки жылда бир жолу, андан кийин 16 мамлекет төрт жылда бир, калгандары алты жылда бир процедурадан өтүшөт. Азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн узак мөөнөт аныкталышы мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу