2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясынын отуруму жөнүндө

Новости
25-Июль 2022-ж.
1487

2022-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ачты.


“Өнөр жай субъекттеринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө”, - баяндама менен министрдин орун басары Вероника Исаева чыгып сүйлөдү.

Вероника Исаева белгилегендей, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукт (ИДП) 106,3% менен 335,3 млрд сомду түздү.

ИДПнын жалпы көлөмүндө өнөр жайдын үлүшү 21,3 пайызды, ал эми 2021-жылдын тийиштүү мезгилинде 20,7 пайызды түздү. Эң чоң үлүштү ошондой эле соода - 15,1% жана айыл чарба - 9,2% сыяктуу тармактар ээлейт.

Отчеттук мезгилдин ичинде өнөр жайы 190,8 миллиард сомдук продукция чыгарды. Физикалык көлөмдүн индекси 114,1 пайыз деңгээлинде каралган.

Отчеттук мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүү 34,6 пайызга, көмүр казып алуу 26,1 пайызга өсүшү менен шартталган; металл рудаларын казып алуу 8,1 жана коксту жана тазаланган нефть продуктыларын чыгаруу 15,8 пайызга.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында тармакта 38 ишкана токтоп, 31 ишкана кайрадан ишин улантты.

Бүгүнкү күндө «Кыргызиндустрия» ААК Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган 100дөн ашык долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.

Ошол эле учурда 32 долбоор активдүү иштеп чыгуу стадиясында, 14 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат.

Бул долбоорлор өнөр жайдын түрдүү тармактарына тиешелүү: жеңил өнөр жай, машина куруу, курулуш материалдары ж.б.

Кийим тигүү тармагын активдештирүү өзгөчө белгиленет. 

2022-жылдын экинчи жарымында «Текстиль Транс» ЖЧКсы Токмок шаарынын өнөр жай зонасында 100гө жакын жумушчу орундарын түзүү менен жылына 12 миң тонна була өндүрүү кубаттуулугу менен пахта тазалоочу завод ачууну пландаштырууда.

Ошондой эле, «Текстиль Транс» ЖЧКсынын иштеп жаткан текстиль фабрикасынын базасында токуу кездемелерин чыгаруу жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу менен текстиль фабрикасынын курулушунун II этабын аяктоо иштери жүрүп жатат, кошумча 100 жумушчу орун түзүлөт.

Ушул жылдын август айында. Каракол шаарында «Салкын» ЖЧКсынын кийим тигүү өндүрүшүнүн 200 орундуу филиалын ачуу күтүлүүдө.

Ошондой эле, 2022-жылдын август айында «Текстиль Транс» ЖЧКсынын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 1000 даанага чейин продукция чыгарган штаты 80 адамдан турган джинсы өндүрүшүн ишке киргизүү пландалууда.

Республиканын машина куруу өнүр жайын өнүктүрүүдө позитивдүү тенденция байкалууда. ЕЭК Кеңеши дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Баяндамачы ЕАЭБтин өнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин төртүнчү отурумун өзгөчө белгилеп кетүү керектигин, анда кызматташуу долбоорлорун каржылоо механизмдери каралганын баса белгиледи.

Коллегиянын отурумунда ошондой эле төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү: “Бизнес үчүн 2022-2026-жылдарга бизнес күн тартибин талкуулоо жөнүндө” – министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова.

“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” - Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов.

«Социалдык маанидеги товарларга бааларды кармап туруу боюнча чаралар жөнүндө» - КР ЭКМге караштуу МЖСКААнын төрагасы Кеңешбай Тайлаков.

« КР 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ЭКМдин алдындагы Банкроттук департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчет” - КР ЭКМ алдындагы Банкроттук департаментинин директору Жоомарт Артыков.

«КР ЭКМге караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана жетишкендиктери жөнүндө отчет» - КР ЭКМ алдындагы «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков.

«Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн өнүктүрүү жөнүндө» - КР ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Улан Сарбанов.

“Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аткаруу тартибинин абалы жөнүндө” министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов сөз сүйлөдү.

Коллегиянын ишине КР Президенттик администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөө башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов катышып, сөз сүйлөдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу