ЭКӨУ кызматташтыгынын алкагында министр Данияр Амангелдиев Грегори Леконт мырза менен жолугушту

Новости
18-Июль 2022-ж.
1600


2022-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун (ЭКӨУ) Эл аралык байланыштар катчылыгынын Экономикалык саясат боюнча улук талдоочусу, Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Грегори Леконт мырза менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭКӨУнун ишкердик (чакан жана орто бизнес) жана инвестиция чөйрөсүндөгү изилдөөлөрү,  ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн жакшы негиз боло ала турган өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. экономикалык жана социалдык саясаттагы стратегиялык чечимдер сыяктуу маселелер талкууланды.

Грегори Леконте мырза белгилегендей, жакында ЭКӨУ Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасын камтыган Отчетту, ошондой эле рекомендацияларды колдонуу жана алардын мамлекет үчүн пайдасы боюнча 2 жыл ичинде мониторинг жүргүзгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы салык системасын өркүндөтүү, кичи жана орто бизнес үчүн укуктук чөйрөнү жана чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерин камтыган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат алмашуу болду.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн алдыдагы “ЭКӨУнун Евразия жумалыгы” иш-чарасынын ишине катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, анын алкагында кыргыз тарап өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, алардын жетишкендиктерин белгилөөдө Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу багыттарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар кызматташтыкты арттыруу боюнча мындан аркы аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилешти

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу