ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин экинчи отуруму жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин сегизинчи отуруму жөнүндө

Новости
16-Июль 2022-ж.
2004

2022-жылдын 15-июлунда Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин экинчи жыйыны жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин сегизинчи жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан министр Данияр Амангелдиев сөз сүйлөдү. Ал жолугушуунун бардык катышуучуларына салам айтып, учурдан пайдаланып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевге бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн чын жүрөктөн  ыраазычылык билдирди.

Шанхай Кызматташтык Уюму иштеп турган мезгилде платформа беделдүү жана таасирдүү трансрегионалдык бирикме катары эл аралык кеңири таанылган жана ШКУ өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды көрүү үчүн конструктивдүү аянтча болуп калды. ШКУ түзүлгөндөн бери жана андан кийин Индия, Пакистан, Иран Ислам Республикасы сыяктуу өлкөлөрдүн жаңы мүчө катары кошулуусу менен, ошондой эле Сауд Аравия Королдугуна, Египет Араб Республикасына жана Катар Мамлекетине ШКУ менен диалог боюнча өнөктөш статусуна ээ болуу менен биздин уюм өсүп, кызматташуу потенциалын арттырды.

Андан ары министр белгилегендей, бул аянтчада биз дагы дүйнөлүк геосаясий өзгөрүүлөрдүн контекстинде мүчө мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен ШКУ өлкөлөрүнүн өнөр жайлык өнүгүүсүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.

COVID-19 пандемиясынын учурунда, ошондой эле пандемиядан кийинки мезгилдин таасирине туш болгон экономика импорттун биздин өлкөлөрдүн өндүрүшүнө жана экономикалык коопсуздугуна тийгизген таасирин сезишти. Бул жагдай экономиканын жана өндүрүштүн олуттуу бөлүгүн, эң маанилүү мамлекеттик, билим берүү кызматтарынын ишин тез арада онлайн режимине которууну талап кылды.

Практика интернет-платформалардын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун гана көрсөтпөстөн, жаңы жумуш орундарын түзүүдө, глобалдык масштабда жеткирүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилелердин принципиалдуу жаңы деңгээлин калыптандырууда, географиялык жана социалдык-саясий чек араларды ирээттөөдө алардын ийгиликтерин чагылдырды.

Учурда экономиканын жана өндүрүштүн бардык тармактарына инновациялык технологиялар барган сайын көбүрөөк киргизилүүдө жана ушуга байланыштуу биздин жарандардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси курч турат.

Биздин өлкөлөрдөн сырьелук потенциалы импортту алмаштыруу боюнча чараларды ишке ашырууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөр олуттуу жаратылыш ресурстарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин чоң запастарына, эң негизгиси, жогорку квалификациялуу жумушчу күчтөрүнө ээ экенин бардыгы жакшы билет. Ар бир өлкөнүн өндүрүштүк потенциалы туруктуулуктун маанилүү фактору болуп саналат, мында өндүрүш тармагы жумушчу орундарды гана түзбөстөн, биздин өлкөлөрдүн экономикалык коопсуздугун да камсыздайт.

Кыргыз Республикасы импортту алмаштыруу жана өнөр жай кооперациясынын үстүндө жигердүү иш алып барууда. Анткени, өнөр жай – өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугунун жана бүткүл дүйнө рыногунун аймактык өнүгүүсүнүн негизи.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайы ички дүң продуктунун 20,0%ке жакынын, республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн 18,0%ке жакынын жана экспорттун 80,0%тен ашыгын камсыз кылуучу экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат. Республикада жүргүзүлүп жаткан өнөр жай саясаты, экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларынын алкагында ишке ашырылган бардык системалык жана структуралык кайра куруулар жана чаралар инвестициялык коопсуздукту турукташтырууга шарт түздү.

Приоритеттүү тармактар металлургия, энергетика, машина куруу, кайра иштетүү, тамак-аш, жеңил жана тоо-кен өнөр жайлары болуп саналат.

Өлкөдө бай жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү сырьёлорду жана материалдарды колдонуунун негизинде биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Кыргызстан жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң маани берет жана аймактын буга чейин калыптанып калган соода-экономикалык балансын сактоо максатында жеңил өнөр жай тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү жана кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталууда. Биз ШКУга мүчө мамлекеттердин компаниялары менен бул тармакта кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз.

Мындан тышкары, фармацевтика тармагында өнөр жай продукциясынын импортун алмаштыруу, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарлардын жана чийки заттын жетишсиздигин толтуруу максатында Борбордук Азия өлкөлөрү жана ШКУ ички рыногун камсыз кылуу үчүн ата мекендик дары-дармектерди өндүрүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, ШКУдагы кызматташтыктын экономикалык жолунда өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири транспорт-логистикалык сектор болуп саналат, анда биздин өлкөлөрдүн потенциалы абдан жогору.

Чынында эле, азыркы коронавирустук пандемия шартында темир жол транспорту ар кандай чектөөлөргө эң туруктуу болуп чыкты. Мазари-Шариф-Герат жана Мазари-Шариф-Пешавар, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдорунун курулушу артыкчылыкка ээ болууда. Бул багыттар Ирандын, Пакистандын, Индиянын темир жол түйүндөрүнө, Чахбахар жана Гвадар портторуна чыгуучу жаңы транзиттик коридорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу абдан өз убагында жана дээрлик бүткүл Азияны - Кытайдын жээгинен Перс булуңуна чейин байланыштырган континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болуп калат, бул транспорт жана өз ара соода, жүк ташуунун көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Анткени, ШКУнун Уставында каралган товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын эркин кыймылын этап-этабы менен ишке ашыруу үчүн зарыл болгон сооданы жана инвестицияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү зарыл.

Сөзүнүн аягында министр Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зор потенциалга ээ экенин, ШКУ жана КМШга мүчө мамлекеттер менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана көптөгөн түрдөгү импортту алмаштырууну камсыздоо боюнча кызматташууга ачык жана даяр экендигин белгиледи. 


Маалымат катары:

ШКУнун товарларынын импортунун географиялык бөлүштүрүлүшү 2021-жылдын алдын-ала жыйынтыгы боюнча 4,4 млрд АКШ долларын түздү.

ШКУнун товарларынын экспортунун географиялык бөлүштүрүлүшү 2021-жылдын алдын-ала жыйынтыгы боюнча 1,1 млрд АКШ долларын түздү.

(Улуттук Статкомдун расмий маалыматы)


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу