Анын баяндамасынын негизги өзөгү болуп өлкөдө экономиканы белгиленген көрсөткүчтө кармап туруу үчүн 2022 –жылдын 2-жарымында жасала турган негизги иш чараларга токтолду.
Анткени 2026-жылга чейинки Республиканын стратегиялык планында 5 %дан кем эмес өсүү максат болуп коюлган. Ошондуктан алдыдагы жылдарда өсүүгө шарт түзүш керек.
Бул иш аракеттер негизги төмөнкүдүй багыттан турат: экономикага инвестицияны тартуу, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана башкалар болушу шарт.
Инвестиция тартып келүү багытында төмөнкү чаралар көрүлүшү зарыл:
Индустриалдык жана эркин экономикалык зоналарды, креативдик өнөр жай паркын түзүү менен электрондук коммерциянын өнүгүүсү үчүн кабыл алынган Салык кодексинин жаңы редакциясынын, КР “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында салыктык жеңилдиктерди кабыл алуу зарыл.
Жаңы ишканаларды ачууну колго алуу керек, алар үчүн да жаңы салыктык жеңилдиктерди, преференциаларды киргизилет.
Креативдүү индустрия паркын түзүүнү тездетүү керек.
Ал эми экспорттук потенциалды жогорулатуу багытында:
Кыргыз Республикасынын товарларынын экспортун диверсификациялоо, бул максатта чет өлкөлөрдө биздин өлкөнүн товарларынын көргөзмөлөрүн уюштуруу жана ал үчүн бюджеттен чыгымдарды бөлүү маселелерин тактоо келип чыгууда, ал үчүн негизги соода өнөктөш мамлекеттерде соода өлкүлчүлүктөрүн түзүү керек ;
Биздин мамлекетибиздеги жакшы өнүгүп жаткан жеңил өнөр жай тармагына да жеңилдетилген кредиттөө программасын иштеп чыгылат, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо боюнча аракеттер жүргүзүлөт.
Жыл аягына чейин 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктап, атайын иш-чаралар планын иштеп чыгуу керек.
Жаңы ишканаларды түзүү, соода багытында жасалып жаткан иш аракеттер жана экспорттун өсүшүнө, ошондой эле ушул ишканалардын эсебинен салык базасын көбөйтүүгө алып келишине өбөлгө түзөт, ал жаңы рынокторду издөөнү талап кылат.
Дагы бир артыкчылыктуу багыт бул Россия-Монголия-Кытай келишимине кошулуу жана Кытай Эл Республикасы менен соода процедураларын жөнөкөйлөтүу.
Салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү аяктоо бул салыкты жана бажы төлөмдөрүнүн топтолушунун ачыктыгына жана бул тармактагы коррупциядан арылууга алып келет.
Министрлер Кабинетинин алдындагы эң маанилүү маселелеринин бири - бул 2022-2023 жылдын күз-кыш мезгилин көйгөйсүз өтүүсүн камыз кылуу үчүн даярдыктарды көрүү. Бул максатта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн тиешелүү деңгээлде топтоо, мындан ары кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу жана энергетикалык коопсуздукту сактоо үчүн иш чаралардын топтомун кабыл алуу зарыл.
“Бир айыл бир продукт” программасын ар бир регионго жайылтуу жана анын бюджетин тактоо зарыл;
Мамлекеттик чыгашалардын эсебинен жана салык жүгүн азайтуу аркылуу калктын реалдуу кирешелерин жогорулатуу керек.
Баарыбыз билгендей 90% жүк автомобиль менен ташылат, ошондуктан бул жерде региондордун жетекчилеринин катышуусун эске алуу менен айтат элем, ички жолдорду оңдөп түзөөгө жана курууга өзгөчө көңүл бөлүү керек,-деп белгиледи министр.
Мурда белгиленген өсүү точкаларынын – Жалал-Абад, Баткен, Кадамжай, Раззаков, Каракол, Балыкчы, Талас шаарларынын программасын кайра карап актуалдаштурууну колго алабыз жана административдик аймактык реформаны тездетүү зарыл.
Дүйнөдөгү азык түлүккө жана кээ бир товарларга баанын өсүүсүн эске алуу менен социалдык маанилүү товарлардын баасын чектөөнү улантып, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында да бир топ иш чаралар аткаруу менен ички сырьелук базасын көбөйтүү зарыл.
Быйыл канттын алымсыз импорту үчүн 105 миң тонна квота алынды. Жыл сайын биз канаттуулардын этин 58 миң тонна, бодо мал – 10 миң тонна, ал эми буудайды 200 миң тоннага алымсыз импорттоого квота алуу маселесин иштеп жатабыз.
Ошондой эле, ички рынокту камсыздоо үчүн буудайды, унду, өсүмдүк майын, кантты ташып чыгууга 25-сентябрына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салынган.
Айыл чарбасында Россия Федерациясы менен биргеликте, ЕАЭБдин алкагында жогорку түшүмдүү үрөндөрдүн селекциясын колго алуу зарыл, мындан тышкары айыл чарба малдарынын да продуктуулугун жогорулатуу максатында иш алып барышыбыз керек.
Былтыркы жылдагы айыл чарбасында түзүлгөн кырдаалды кайталабаш үчүн азыртадан баштап тоют маселесин камдоо, быйылкы жылы өндүрүлгөн түшүмдү толук жыйноо боюнча аракеттерди жүргүзүүнү региондордун жетекчилери айыл чарба министрлиги менен биргеликте колго алууну камсыз кылуу зарыл.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкер менен ишкерлердин түз байланышын азайтуу максатында республика боюнча ишкерлерди тейлөө борборлорун ачууну көздөп жатабыз.
Бюджеттик каржылоонун өзгөрүшүнө байланыштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу керек.
Мындан тышкары, экономика туруктуу өсүш үчүн ар бир регион өздөрүнүн региондук өсүшүн сактап, позитивдүү ИДПга жетиши керек,-деп баса белгиледи министр Данияр Амангелдиев.