2022-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат

Новости
14-Июль 2022-ж.
1730

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2022-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 335,3 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүү темпи 106,3%ды (2021-жылдын январь-июнунда – 98,5%) түздү, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды түздү (2021-жылдын январь-июнунда – 103,2%).

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,0%га, курулушта – 3,4%га, кызмат көрсөтүүдө – 4,4%га, өнөр жайда – 14,1%га өскөн.

Айыл чарба. 2022-жылдын январь-июнь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 92,7 млрд сомго өндүрүлүп, 2,0%га өстү (2021-жылдын январь-июнунда 0,3%га азайган). Былтыркы жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүшү мал чарба продукциясын өндүрүүнүн 2,4%га өсүшү менен шартталган.

2022-жылдын январь-июнь айларында коммерциялык банктар тарабынан республиканын 7111 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы суммасы 3669,7 млн сом жеңилдетилген кредиттер берилди.

Алардын ичинен тармактар боюнча:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүк - 1039,4 млн.сом суммасында 2575 жеңилдетилген кредит же кредиттин жалпы суммасынан 28,3%;

- мал чарбасы - 2140,6 млн сом суммасында 4360 жеңилдетилген кредит же кредиттин жалпы суммасынын 58,3%ы;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү - 489,7 млн.сом суммасында 176 жеңилдетилген кредит же кредиттин жалпы суммасынан 13,3%.

Өнөр жай. 2022-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 190,8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү 14,1%га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 115,6 млрд сом, физикалык көлөмдүн индекси 103,1%ды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өнөр жайында (74,9%) 2022-жылдын январь-июнь айларында өндүрүштүн көлөмү 142,9 млрд сомду түздү жана 2021-жылдын тийиштүү мезгилине физикалык көлөмдүн индекси 120,8 %ды түздү.

Пайдалуу кендерди казып алууда 2022-жылдын январь-июнь айларында өндүрүштүн көлөмү 22,3 млрд сомду, ал эми 2021-жылдын тийиштүү мезгилине физикалык көлөмдүн индекси 109,4%ды түздү.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоодо 2022-жылдын январь-июнь айларында өндүрүштүн көлөмү 23,5 млрд сомду түзүп, 6,2%га кыскарган.

Суу менен камсыз кылууда, тазалоодо, калдыктарды иштетүүдө жана экинчилик сырьену алууда калдыктарды жыйноо, кайра иштетүү жана жок кылуу жана экинчилик сырьену өндүрүү 21,3%га кыскаргандыктан, физикалык көлөмдүн индекси 5,4%га төмөндөгөн.

Курулуш. 2022-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 41,3 млрд сомду түзүп, 0,9%га өстү (2021-жылдын январь-июнунда 17,2%га азайган).

Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү каржылоонун тышкы булактарынын 12,2%га өсүшү менен камсыз кылынса, ички булактар, тескерисинче, 1,4%га кыскарган.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2022-жылдын январь-июнь айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 42,3 млрд сомду түзүп, ал эми  3,4% (2021-жылдын январь-июнунда 15,6%га төмөндөгөн).

Кызмат көрсөтүү сектору. Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү дүң сооданын - 20,1 пайызга жана чекене сооданын - 3,6 пайызга өсүшү менен камсыз кылынды.

Өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу бардык аймактарда мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү өскөн.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 109,1%ды түздү. Орточо жылдык инфляция 112,8% түздү.

Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 12,5%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 11,8%га, азык-түлүк эмес товарларга - 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,8%га жогорулаган.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында республикада керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 1,5% түздү. Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 2,7%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 1,9%га, азык-түлүк эмес товарларга - 0,3%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 1,5%га жогорулады. 

Эмгек акы. 2022-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акынын көлөмү 22 927 сомду түзүп, керектөө бааларынын индексин эске алуу менен анын реалдуу өлчөмү 6,2%га өстү.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө 52,6%га, искусство, оюн-зоок жана эс алуу тармагында - 48,0%, билим берүү - 28,3%, тоо-кен тармагында - 24,3%, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө - 21,3%, транспорт жана сактоо иши - 19,5%, курулуш - 18,2%, мейманканалар жана ресторандар - 17,2%, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 16,6%, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк - 15,7%, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен операциялар - 14,8%.

2022-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 3951,6 млн АКШ долларын түзүп, 45,0%га өстү. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 17,9%ды, импорт 82,1%ды түздү. 2022-жылдын январь-май айларында соода балансынын тартыштыгы 2 536 миллион долларды түздү.

2022-жылдын январь-май айларында товарлардын экспорту 4,1%га кыскарып, 707,8 млн АКШ долларын түздү. Экспорттук берүүлөрдүн азайышы кара металлдардын калдыктарын жана сыныктарын берүүнүн 3,9 эсеге, цементти - 2,1 эсеге, жылмаланган айнек - 1,9 эсеге, сүт жана сүт азыктарын - 1,6 эсеге, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды 20,6%га берүүнүн кыскарышы менен шартталган. 

2022-жылдын январь-май айларында импорттук түшүүлөр 3 243,8 млн АКШ долларын түзүп, 1,6 эсеге көбөйгөн. Импорттук кирешелердин көбөйүшү жеңил өнөр жай товарларынын, жер үстүндөгү транспорт каражаттарынын жана аларга тетиктердин, электр машиналары менен жабдууларынын - 34,5%га, мунай продуктыларынын, фармацевтика продукциясынын, жаратылыш газынын өсүшү менен шартталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу