Министрликтер, ведомстволор жана бизнес-коомчулуктар үчүн 2022-2025-жылдарга БУУ КК 1540 ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагындагы семинар

Новости
07-Июль 2022-ж.
1950

2022-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Экспортту көзөмөлдөө борбору менен биргеликте Эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТБ) колдоосунда Министрликтер, ведомстволор жана бизнес коомчулуктар үчүн 2022-2025-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540 резолюциясын ишке ашыруу максатында окуу семинарын уюштурушту. Семинардын алкагында 1540 БУУ ЖКККБны ишке ашырууга катышкан министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу каралды.

Иш-чарада куттуктоо сөзү менен Соода саясаты департаментинин ДСУ секторунун башчысы Сыядат Ормонова. жана Соода саясаты департаментинин Экспорттук контроль секторунун башчысы Ж.З.Дүйшеева, ошондой эле ЭИТБнын өнөктөштүк программаларынын куратору Хендрик Виссер жана Экспортту көзөмөлдөө борборунун директору Жылдыз Сыдыгалиева сөз сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө Казакстан жана Украинадан келген эксперттер өздөрүнүн эл аралык тажрыйбалары менен бөлүшүштү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциялардын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген кош багыттагы товарларды идентификациялоо маселелери жана компания ичиндеги экспорттук контроль программасы боюнча идеяларын ортого салышты.

Ошондой эле, министрликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо тутумунун маанилүүлүгү жана экспорттук контроль жаатындагы ыйгарым укуктуу эксперттик органдар болуп саналган мамлекеттик органдардын ролу жөнүндө маалымат беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу