Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктары ыйгарылды

Новости
07-Июль 2022-ж.
2448


Продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) сапатын камсыз кылууда, алардын коопсуздугун камсыз кылууда, продукцияны өндүрүү (кызмат көрсөтүү) шарттарын сактоодо, талаптарды, сапатты башкаруунун жогорку натыйжалары системаларын жана ыкмаларын киргизүүдө ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандырууда олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыктары жыл сайын конкурстук негизде ыйгарылат. 

1997-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия Федерациясынан кийин экинчи жолу Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгына сынак уюштурулган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-августтагы токтому, 1997-ж. № 478 «Кыргыз Республикасынын сапаты үчүн сыйлыктарын белгилөө жөнүндө».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеши түзүлдү. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону КР ЭКМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) - Кеңештин Техникалык катчылыгы ишке ашырат.

2022-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктары үчүн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды КР ЭКМ алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) директору Болот Нурматов тапшырды.         


Сыйлык конкурсунун лауреаттары жана дипломанттары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин типтүү стелалары жана дипломдору менен сыйланышты.

2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарына өкмөттүк конкурстун лауреаттары жана дипломанттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-р «Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» токтому менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыктары» менен төмөнкү жеңүүчүлөр сыйланды:

а) эт жана эт азыктарын өндүрүүдө:

- «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;

б) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

- «ЭлДан Аталык» агроөнөр жай комплекси» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;

в) асыл тукум мал чарбасы жагынан:

- «Чабрец» дыйкан чарбасы, Чүй району;

г) өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатында:

- Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы «Табигый Таш» илимий борбору, Ош облусу.

Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарынын дипломанттарынын наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылды:

а) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

       -Ысык-Көл облусу, «Заря» айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи;

   - «Элдияр» үрөнчүлүк чарбасы, Ысык-Көл облусу;

        - үрөндүк картошка өндүрүүчүлөрдүн Ноокат айыл чарба кооперативи, Ош облусу;

б) асыл тукум мал чарбасы жагынан:

-Ысык-Көл району «Рейна-Кенч» дыйкан чарбасы;

«Алтын-Жүн» асыл тукум мал чарбасы, Талас району;

«Бермет дыйкан чарбасы» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу.

в) өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатында:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору» мекемеси, Бишкек шаары;

Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакча илим-изилдөө институту  Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) директору белгилегендей, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо алардын көрсөткөн кызматтарынын сапаты гана бааланбастан, сынакка катышкан уюмдарга ар тараптуу комплекстүү баа берилген. Ошондой эле директор бул сынакты өткөрүү тажрыйбасы талап кылынган иш-аракеттердин программасына айланганын, бул уюмду сапатты башкарууну жакшыртуу жана анын негизинде реалдуу натыйжаларга жетишүү боюнча ыктыярдуу иш-чараларга тартууга багытталганын баса белгиледи.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болот Нурматов Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана республикабыздын өнүгүүсү үчүн ийгиликтерди каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу