Сооданы жеңилдетүү боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуусун Кыргыз Республикасы ишке ашыруу боюнча иштер сунушталды

Новости
05-Июль 2022-ж.
1912

2022-жылдын 30-июнунда ДСУнун штаб-квартирасында ДСУнун соодага көмөктөшүү боюнча комитетинин отуруму болуп өттү. Бул жыйындын алкагында КР Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча секторунун башчысы Сыядат Ормонова сооданы жеңилдетүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жана тышкы соодага электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү боюнча пландаштырылган чаралар тууралуу баяндама жасады.

Кыргыз тараптын сөзүндө айтылгандай, 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети экспорт жана импорт боюнча тиешелүү артыкчылыктуу товарларга кагаз түрүндөгү документтерден арылууга ниеттенүүдө.

Керектүү көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн КР ЭКМ өкүлү «Кыргыз Республикасынын Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга кошулуусу жөнүндө» Мыйзам кабыл алынганын жана Кыргыз Республикасы 2022-жылдын аягына чейин Азия-Тынч океан аймагында чек аралык кагазсыз сооданы жеңилдетүү боюнча алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) кошулуу жана Дүйнөлүк соода уюму жөнүндө макулдашуунун сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук планынын айрым пункттарын ишке ашырууну каржылоо боюнча долбоордук сунуш даярдалды. 

 Кыргызстандык делегациянын бул катышуусу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өттү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу