Кызматташтык долбоорлорун кеңейтүү маселелери боюнча

Новости
04-Июль 2022-ж.
1985


Екатеринбургда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун жолугушуусу болуп өттү.

ЕАЭБдин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин 4-отурумунун жыйынтыгы боюнча КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун жолугушту. Жолугушууда Данияр Амангелдиевди «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы, «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов жана РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков коштоп жүрүштү.

Жолугушууда тараптар кызматташуу долбоорлорун кеңейтүү маселелерин, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана каржылоо механизмдерин карашты. Жолугушууга катышкандар аймактагы металлургия, машина куруу, энергетикалык объектилер тармагындагы кооперация долбоорлорун ишке ашырууга жана микроэлектроника тармагында кластердик өндүрүштөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу