Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуунун тартиби жөнүндө

Новости
30-Июнь 2022-ж.
1961

Жаңылыктар 30-июнь, 2022-жыл 

2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу маселелери жөнүндө” токтом кабыл алды.

Бул токтом кабыл алынганга чейин мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуунун тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акт болгон эмес, ошондуктан стратегиялык чийки заттарды арзан баада, анын ичинде экспортко сатууда белгилүү бир тобокелдиктер болгон.

Ушуга байланыштуу мамлекеттик сектордун уюмдары тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатуу процессин тартипке келтирүү жана борборлоштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы «Объекттерди башкаруу дирекциясы» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуу боюнча ыйгарым укуктуу юридикалык жак болуп аныкталат.

Мында «Объекттерди башкаруу дирекциясы» мамлекеттик ишканасы түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүүнү өз алдынча жүзөгө ашырат же түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ата мекендик кайра иштетүүчү металлургиялык ишканаларга гана берет.

Чечим мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатууда ортомчулук схемалардын тобокелдигин төмөндөтүүгө, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кирешелерди көбөйтүүгө көмөктөшөт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу