Министрдин орун басары К.Абдрахманов БАРЭК программасынын улуттук координаторлорунун жыйынына катышты

Новости
29-Июнь 2022-ж.
1911

Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (ЦАРЭК) программасынын жогорку кызмат адамдарынын онлайн жолугушуусу болуп өттү, ага БАРЭК программасынын Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору, Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов катышты.


Ошондой эле бул виртуалдык иш-чарага БАРЭКтин 11 мүчө-өлкөсүнөн Улуттук БАРЭК программасынын координаторлору жана башка жогорку кызмат адамдары, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын жана башка өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты.


Жолугушууда БАРЭКке мүчө-өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн ортосунда БАРЭКтин программаларын жана келечектеги иш-чараларын мындан ары кантип бекемдөө боюнча стратегиялык диалог болуп өттү, атап айтканда, төмөнкү маселелер каралды:

- БАРЭК 2030 стратегиясын ишке ашыруудагы прогресс;

- Жашыл, туруктуу жана инклюзивдүү калыбына келтирүү үчүн Пандемиядан кийинки БAРЭК планы (2023-2025);

- БАРЭК аймагында азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасын өнүктүрүү демилгеси;

- БAРЭК Жашыл энергия альянсы;

- «Климаттын өзгөрүүсү жана аймактык кызматташтык жана интеграция» изилдөөсү;

- 2022-жылдын ноябрына пландаштырылган 21-министрлер конференциясына даярдык.


Маалымат катары:


БАРЭК программасы 11 катышуучу-өлкөнүн жана өнөктөштөрдүн өнүктүрүү боюнча  БАРЭК аймагы үчүн экономикалык өсүштү тездетүү жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнү тездетүү үчүн узак мөөнөттүү аймактык кызматташтык демилгечиси катары өнөктөштүгү болуп саналат.

БАРЭКке мүчө өлкөлөргө: Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.

БАРЭК программасы беш операциялык кластерде техникалык жардам долбоорлорун, саясий диалогду жана билим продуктыларын жана кызматтарын ишке ашыруу аркылуу өз максаттарын көздөйт:

- экономикалык жана финансылык туруктуулук;

- соода, туризм жана экономикалык коридорлорду өнүктүрүү;

- инфраструктура жана экономикалык байланыш (транспорт жана энергетика);

- айыл жана суу чарбасы;

- адамдын өнүгүүсү (ден соолук жана билим берүү).

Бирок, БAРЭК программасы гендердик, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо сыяктуу кайчылаш темаларды камтыйт.

БАРЭК программасынын алкагында Кыргыз Республикасынан координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу