Министр Д.Амангелдиев: «Бизнес менен мамлекет бир тараптуу өнөктөш болушу керек”

Новости
27-Июнь 2022-ж.
2086

2022-жылдын 27-июнунда Биринчи радионун түз эфиринде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кассалык-көзөмөл машинасы боюнча   радиоугармандардын суроолоруна жооп берди. Кечээ, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМга каршы чыккан ишкерлердин маселесин чечүү боюнча жумушчу тобунун жыйынын өткөргөн эле. Өз сөзүндө министр ошол жумушчу топто айтылган пикирлер боюнча ой бөлүщтү.


“Биринчиден, ККМ – бул салык чогултуунун системасы. Бул кампанияны жүргүзүүнүн башкы максаты – көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. ККМ киргизилгенден тартып, бюджетке акча түшүп, “Кыргызиндустрия”, “Кыргызтуризм” ААКларынын иши жандана баштады. Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөр эчак эле ККМ системасына өтүшкөн. Россия да ККМди толук кандуу колдонуп жатат”.


Биринчи радионун модераторунун “Ишкерлердин нааразычылыктарын азайтуу үчүн дагы кандай аракеттерди көрүү зарыл?”деген суроого министр Данияр Амангелдиев төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Ар бир ишкер адам проблема жаралса, өздөрүнүн бизнес-ассоциациясына кайрылышы керек. Азыр жер-жерлерге барып, ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Монголияда колдоого ээ болгон “Салык чек” системасы бизде да реалдуу жыйынтыктарды бере баштады. Бул системанын артыкчылыгы толук электрондук форматта болот”.


Андан ары министр ишкерлер эсеп-фактурасына көнүл буруусун эскертти. Маселен, алар заводдон товар ала турган болсо, сөзсүз түрдө эсеп фактурасын талап кылуусу зарыл. Заводдон чыккан товардын көлөмүн ала турган болсок, чон айырмачылыктар кездешкен учурлар болот. Чыккан товар менен саткан товар дал келүүсү керек. Ошондуктан, бизнес менен мамлекет бир тараптуу өнөктөш (партнер) болушу керек деп баса белгиледи министр Данияр Амангелдиев.


Министр Данияр Амангелдиевдин Биринчи радиодо берген маегин Фейсбуктан тапсанар болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу