Бишкекте Кыргыз Республикасынын лицензияларынын жана уруксаттарынын маалымат порталынын бет ачары болот

Новости
23-Июнь 2022-ж.
2006

2022-жылдын 24-июнунда, саат 9:30да Хаят Ридженси мейманканасында министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү электрондук реестри боюнча семинар өтөт.


КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөшөт.


Ошондой эле, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы туризм тармагынын өсүшүнө жана инвестицияларына көмөктөшүү долбоорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестри боюнча презентациясы болот.


Маалымат катары:


Уруксаттардын бирдиктүү электрондук реестри – бул уруксаттарды алуунун укуктук, процедуралык жана финансылык аспектилери боюнча толук маалыматы (ар бир уруксат жөнүндө жалпы маалымат, ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн байланыш маалыматтары, юридикалык уруксат берүү процесстеринин негиздери, наркы жана төлөө тартиби, талап кылынган документтер жана алардын шаблондору, берүү формасы, уруксат алуу процесси ж.б.).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу