Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезексиз жыйыны жөнүндө

Новости
22-Июнь 2022-ж.
1843

2022-жылдын 21-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.


ЕЭК Кеңешинин жыйынында 5 маселе каралды.


Отурумдун жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин айыл чарба техникаларынын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө чечими кабыл алынды.


ЕЭК Кеңеши ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ак жана чийки камыш кантты ташып келүү үчүн бажы алымдарын нөлгө салуу мөөнөтүн 2022-жылдын 30-сентябрына чейин узартуу чечимин кабыл алды.


ЕЭК Кеңешинин дагы бир чечими менен Бажы биримдигинин комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы 2022-жылдын 1-февралына чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жеке колдонуу үчүн ташылып келинген жалгыз автотранспорт каражаттарын автотранспорттук шашылыш чакыруу системалары/түзүлүштөрү менен жабдуу, ошондой эле мындай Унаа үчүн тиешелүү чектөөлөрдү карайт.


Мындан тышкары, тараптар ЕЭК Кеңешинин Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентин кабыл алуу жөнүндө чечимин кабыл алышты, анда сертификаттоо боюнча органдын пландык контролду жүргүзүү мөөнөтү аяктаганда 2022-жылы арыз ээсинин өтүнүчү боюнча сертификаттоо боюнча орган сертификатталган продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процессинин өзгөрбөстүгү жөнүндө өндүрүүчүнүн каты болгондо, мындай контролду 12 айга чейин жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 


ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумун ушул жылдын 14-15-июлунда Брест шаарында (Беларусь Республикасы) өткөрүү чечими кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу