Кыргызстандын делегациясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги жыйынына катышууда

Новости
20-Июнь 2022-ж.
1657

2022-жылдын 20-июнунда Казакстандын Алматы шаарында GIZтин Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү (TFCA) долбоорунун алкагында бир катар иш-чаралар башталды.


Кыргыз Республикасынын делегациясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттеринин кезектеги жыйынына катышууда.


Жыйындын негизги максаты - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттеринин аймактык кызматташтыгын жыйынтыктоо жана андан ары бекемдөө. Сооданы женилдетүү боюнча Улуттук комитеттин жыйынына Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын делегациялары катышууда.


Бүгүн жогоруда аталган СЖУК жыйынынын алкагында Кыргызстандын делегациясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегациялары менен биргеликте бул үчүн даярдалган видеоматериалдарды колдонуу менен Грузия жана Латвиянын бажы кызматтарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.


22-23-июнь күндөрү жогорудагы жолугушуунун алкагында Борбор Азиялык “Аялдар соодада” форуму өтөт, анын максаты кесипкөй айымдарга өз иштериндеги ийгиликтер жана кыйынчылыктар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.


Жогорудагы иш-чаралар сооданы жеңилдетүү маселелерин инновациялык чечүүгө, тажрыйба алмашууга, мамилелерди жакшыртууга жана региондун жана анын чегинен тышкары ар кайсы өлкөлөрдүн адистери менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу