Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Новости
16-Июнь 2022-ж.
1950

2022-жылдын 16-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында макулдашууга кол коюлган. 


Бул Макулдашууга ыйгарым укуктуу тараптар: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев кол коюшту.


Белгилей кетсек, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2021-жылдын 11-мартындагы макулдашууга ылайык түзүлүп, иш алып барат.


Өнүктүрүү Фондунун Уставына ылайык Фондду башкаруу Кеңеш жана Башкармалык тарабынан жүзөгө ашырылат.


Фонддун Башкармалыгына Кыргыз Республикасынан эки өкүл, Өзбекстан Республикасынан үч өкүл, Башкармалыкка Өзбекстан Республикасынан эки өкүл, Кыргыз Республикасынан үч өкүл кирет.


Фонддун орто мөөнөттүү мезгилге стратегиялык максаты болуп Фонддун финансылык туруктуу жана стабилдүү ишмердүүлүгүн камсыз кылуу шартында экономиканын тармактарын узак мөөнөттүү каржылоо жана эксперттик колдоо саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу