Кыргыз Республикасында электромобилдер рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө

Новости
16-Июнь 2022-ж.
1799

ЕАЭБдин стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун, республикада аз эмиссиялуу транспортту өнүктүрүүнүн (электромобиль), ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейинки иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жумушчу кеңешме болуп өттү. Жумушчу кенешме Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаеванын төрагалыгы алдында тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда электр кыймылдаткычтары бар унааларды колдонууну стимулдаштыруу жана заряддоо инфраструктурасын түзүү маселелери талкууланды.


Тактап айтканда, республикадагы, Бишкек шаарындагы экологиялык көйгөйдү, атмосферага зыяндуу газдардын эмиссиясынын көлөмүнүн көбөйүшүн эске алуу менен электромобиль Кыргызстандын «жашыл» экономикасынын локомотиви экени айтылды.


Кыргызстанда углеводороддор менен газдын олуттуу запастарынын жоктугун, өлкөнүн энергиянын импортунан дээрлик көз карандылыгын эске алуу менен экологиялык транспортко басым жасоо жана электромобилдерди кеңири колдонууга прогрессивдүү өтүү стратегиялык максат болуп саналат.


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электромобилдер рыногун өнүктүрүү боюнча алгачкы кадамдар жасалганын белгилесе болот: 2019-жылдан тарта өлкө электр кыймылдаткычы бар автоунааларды импорттоо ставкасын нөлгө түшүрдү; шаардык электр транспортуна жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо үчүн коомдук станцияларга электр энергиясына дем берүүчү тариф ж.б. бекитилген.


Жыйындын жыйынтыгында министрликтер, ведомстволор жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылган бардык маалыматтарды жана иштерди консолидациялоо, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аткарылган иш-чаралардын планын ишке ашыруу жана  Кыргыз Республикасындагы электр унаа базарын өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүү чечими кабыл алынды. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу