Кыргызстан менен Пакистандын экономикалык ведомстволорунун жетекчилери ДСУнун алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты

Новости
14-Июнь 2022-ж.
1892

2022-жылдын 13-июнунда ДСУнун алкагында Женева шаарында 12-министрлер конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Н. Камар көп тараптуу жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.


Эки тарап тең болгон потенциалга жана саясий эркке карабастан, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин төмөн деңгээлин белгилешти. Министрлер бул деңгээлди болгон мүмкүнчүлүктөр менен потенциалга ылайык келтирүү алардын түздөн-түз милдети экендигин баса белгилешти.


Пакистандын коммерция башчысы КР дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн Пакистан Ислам Республикасынын транзиттик портторун колдонуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу ал ПИР порттору аркылуу товарларды чыгаруу жана пакистандык товарларды Кыргызстандын аймагы аркылуу Евразия континентинин өлкөлөрүнө чыгаруу боюнча КР менен эки тараптуу транзиттик келишимге кол коюуну сунуштады.


Министр Д.Амангелдиев өз кезегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол тармагын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. «Рынок канчалык чоң болсо, ал башка өлкөлөр үчүн ошончолук жагымдуу болот. Биздин милдет – базарларыбызды бириктирүү. Биз өз ара транзиттик потенциалды пайдалануу боюнча макулдашууну кароого кызыкдарбыз», - деди министр.


Ошондой эле Пакистандын бул тармактагы потенциалын эске алуу менен КР текстиль жана айыл чарба продукцияларын жеткирүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, машина курууга кызыкдар экени айтылды.


Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүү боюнча ишти баштоону макулдашты, анын алкагында жолугушууда көтөрүлгөн маселелер кеңири талкууланды.


Министр Н.Камар пакистандык компаниялардын КР инвестициялоо үчүн чоң потенциалына көңүл бурду. Бирок, байланыш инфраструктурасы маселесин чечуу зарыл. Биринчи кезекте бул багыттагы иштерди жүргүзүү сунушталды.


Жыйында Тажикстан менен Кыргызстандын Ооганстан аркылуу Пакистанга электр энергиясын жеткирүүнү караган CASA-1000 долбоору айтылды. Министр Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен бул долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Тараптар ошондой эле Ооганстан менен болгон мамилелердин азыркы абалы тууралуу маалымат беришти.


Кыргызстан менен Пакистан Европа Биримдигине товарларды экспорттоодо ВСП+ макамынын бенефициарлары болуп саналат, алардан азырынча көрүнүктүү жыйынтык жок. Тараптар ВСП+ боюнча ЕБ менен сүйлөшүүлөрдө кызыкчылыктарды биргелешип алдыга жылдыруу, бул статусту ишке ашыруу боюнча биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу жана ЕБ рыногуна продукцияны жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле министрлер бири-бирин өз өлкөлөрүнө расмий визит менен келүүгө чакырышты жана бардык көтөрүлгөн маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууну жакынкы келечекте аткарууга макулдашышты.


Соңунда Тараптар ДСУнун 12-министрлер конференциясына ийгиликтүү катышууга каалоолорун билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу