Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби бекитилди

Новости
14-Июнь 2022-ж.
2053

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы токтому менен уставдык капиталдагы үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, чарбалык коомдор тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун типтүү тартиби, анын ичинде алардын туунду ишканалары бекитилди.


Ошондой эле аталган токтомдо 6 айдын ичинде уставдык капиталындагы үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке, анын ичинде алардын туунду ишканаларына таандык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, чарбалык коомдордун сатып алууларынын маалыматтык системасын иштеп чыгуу милдети коюлган.


Мындан тышкары, жогоруда аталган субъекттер сатып алуулардын ички эрежелеринин кабыл алынышын жана жалпыга жеткиликтүү болушун камсыз кылууга тийиш.


Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин https://www.gov.kg/ru/npa/s/3894 расмий сайтында жарыяланган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу