КР Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы глобалдык көйгөйлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн фонунда ДСУнун ролун баса белгиледи.

Новости
13-Июнь 2022-ж.
1844

12-июндан 15-июнга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясына катышууда.


Бул конференцияга тышкы соодага жооптуу ДСУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү/министрлери да катышат.


Конференциянын биринчи күнүндө министр Д.Амангелдиев «Көп тараптуу соода системасынын чакырыктары» сессиясына катышты.


Сөзүнүн башында министр 12-МКнын төрагасы, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Төрагасынын биринчи орун басары Тимур Сулеймановго, Швейцария Конфедерациясынын жана ДСУнун Башкы директору Нгози Ивеала айымга конференцияны мыкты уюштургандыгы жана конференциянын күн тартибин чечүүгө салым кошуудагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.


Андан ары министр белгилегендей, өсүп жаткан глобалдык көйгөйлөрдүн фонунда дүйнөлүк сооданын өнүгүшү абдан бир өңчөй эмес болуп, бул ар бир адам үчүн оор жүк болуп калды.


Деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн өзгөчө аялуулугу баса белгиленди. «Биздин өлкө деңиз портунан алыс жайгашкандыктан тышкы соодасында транзиттик өлкөлөргө абдан көз каранды: ири транспорттук чыгымдар жана алыскы рынокторго жүк ташуу үчүн тар каналдар Кыргызстандын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына олуттуу тоскоолдук болуп саналат», - деди министр.


Мисалы, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын экономикалык таасири өндүрүштүн 8,6% төмөндөшүнө алып келди.


Бул контекстте Д.Амангелдиев дүйнөлүк чакырыктарга өз убагында жооп кайтарууда жана глобалдык көйгөйлөрдүн мүчө мамлекеттердин экономикасы үчүн кесепеттерин минималдаштырууда ДСУнун ролуна жана ага чоң үмүт артып жатканын белгиледи.


Жагымдуу мисал катары товарларды, анын ичинде транзиттик жүктөрдү ташууну, чыгарууну жана жол-жоболоштурууну тездетүү үчүн эффективдүү шарттарды сунуш кылган Сооданы жеңилдетүү боюнча ДСУ Макулдашуусуна кол коюу тажрыйбасы келтирилди.


Мүмкүн болушунча тез арада чечүүнү талап кылган эң актуалдуу маселе катары министр ДСУнун Апелляциялык органынын кризисин жөнгө салууну белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттерди соода системасынын алдында турган курч маселелерди талкуулоодо эрк жана ийкемдүүлүк көрсөтүүгө чакырды.


Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр менен маселелерди компромисстик чечимдерди табуу, ошондой эле дифференциалдык мамиле кылуу, товарлардын рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин ортосундагы ажырымды жоюу маселелерине жана кызмат көрсөтүүлөр жана туруктуу соодага көмөктөшүүгө даяр экени белгиленди. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу