Республиканын женил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу чогулуш болду

Новости
10-Июнь 2022-ж.
1796

2022-жылдын 10-июнунда «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамынын алдында жыл сайын июнь айынын экинчи жекшембиси жана «Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамы белгиленет.   Экономика жана коммерция министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон өзгөчө кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.


Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов министрликтин атынан жана жеке өзүнүн атынан конокторду, кесиптештерди, жеңил өнөр жайынын ардагерлерин кесиптик майрамы – Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Республикада жана эл чарбасынын бардык тармактарында жеңил өнөр жайы, курулуш материалдары жана тамак-ашөнөр жайы маанилүү жана олуттуу позициялардын бири болуп саналат.


«Жеңил өнөр жайы – эң жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү тармактардын бири, ишканалар тез өзгөрүп туруучу керектөөчүлөрдүн каалоолоруна жана тенденцияларына олуттуу көнүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү керек жана өз товарларын натыйжалуу сатуу көндүмдөрүнө ээ болушу керек.


Ал эми ата мекендик ишканалар чыгарган продукциялар суроо-талапка ээ болуп жатканына биз өзгөчө сыймыктанабыз. Азыркы учурда экономикалык жана геосаясий шарттарда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн экспортко багытталган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар», - деп баса белгиледи Ч.Сейитов.


«Сиздердин активдүү атуулдугуңуздардын, ийкемдүүлүгүңүздөрдүн жана эмгекчилдигиңиздердин аркасында аймактарда жумуш орундары ачылууда, бул калктын миграциясынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана аймактардагы экономикалык бакубаттуулукту жакшыртууга жардам берет.


Тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер бүгүнкү базаны түздүңүздөр жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактап, өзүңүздөрдүн кесиптик тажрыйбаңарды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп бересиздер», - деди министрдин биринчи орун басары.


Ал экономиканын жана салык түзүүчү тармактардын, атап айтканда, тамак-аш өнөр жайынын жана башка металл эмес минералдык продуктыларды (курулуш материалдарын) өндүрүүнүн өкүлдөрүнүн ак эмгегин белгиледи.


Ал ошондой эле Кант цемент заводунун кызматкерлерин да куттуктады. «Рынок экономикасынын татаал шарттарында комбинат республиканын алдыңкы ишканаларынын биринин ордун татыктуу ээледи. Дал ушул заводдун цементинин эсебинен Токтогул ГЭСи, Нарын ГЭС каскады, Байкоңур космодрому, «Манас» аэропорту, Киров суу сактагычы жана башка көптөгөн социалдык маанилүү объектилер курулган», - деп баса белгиледи Чоро Сейитов.


Келечекте даңктуу салттарды улантып, Кант цемент заводу ар-намыс жана сыймыктануу менен күнүмдүк иши менен рынокту атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен камсыз кыла турганына ишенимин билдирди.

Министрдин биринчи орун басары ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирип, тармактын ардагерлерине ак ниет эмгеги жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Баарына бакубатчылык, стабилдүүлүк, жаңы эмгектик жеңиштерди каалады.


Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.


Иш-чара «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы, «ЖИА» ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитети менен биргеликте уюштурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу