КР ЭКМ: мониторингдин жыйынтыгы боюнча жолугушуу өттү

Новости
10-Июнь 2022-ж.
1923

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2022-жылдын 1-апрелиндеги буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын сабаттуулугу жана жалпы эле мамлекеттик тилдин абалы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. 8-июнда министрликте мониторингдин жыйынтыгын тааныштыруу максатында жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К.Осмоналиев, бөлүм башчы А.Ишеналиева, К.Жакыбалиев, С.Толукбаева, министрлик тараптан КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.Сейитов, Мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Ж.Дегенбаева, башкы адис М.Чалбаева жана министрликке караштуу башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.


Жыйында иш кагаздарын жүгүртүү боюнча омоктуу ойлор ортого салынып, пайдалуу сунуштар берилди. 


Жолугушуунун соңунда министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү колго алаарын билдирди. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу