Министр Д.Амангелдиев: Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү 31,6%ды түзөт

Новости
09-Июнь 2022-ж.
1638

Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу тогузунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын пленардык жыйынында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.


«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын 81 субъекти менен бекем байланышта. 40тан ашык келишимге кол коюлду, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө. 10дон ашык боордоштук келишимдери бар.


Бүгүн, 9-кыргыз-орус аймактар аралык конференциянын алкагында дагы бир катар келишимдерге кол коюу пландалууда.


Дүйнөлүк экономикада түзүлгөн кырдаалга карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода мамилелери жыл сайын өсүүдө. Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү Россиянын үлүшү 2021-жылы 31,6%ды, анын ичинде экспортто - 24,9% жана импортто - 33,6%», - деди ал.


Конференцияда аймактар аралык конференция Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын, ошондой эле бизнес жана илимий чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү үчүн эң сонун аянтча экени айтылды.


Экономикалык мамилелерди чыңдоого соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясы, региондор аралык кыргыз-орус конференциясы, бизнес-конференция сыяктуу натыйжалуу механизмдерди колдонуу менен кызматташуунун бардык деңгээлдеринде тез-тез жолугушуулар, туруктуу негизде өткөрүлүүчү миссиялар, бизнес жолугушуулар, инвестициялык форумдар жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр өбөлгө түзүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу