Көз карандысыз эксперттер жана өнөктөштөр КР Экономика жана коммерция министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы менен сыйланышты.

Новости
08-Июнь 2022-ж.
1463

2022-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.


Кесиптештерди, эксперттерди, өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн каржы-экономикалык системасын калыптандырууга кошкон салымы өзгөчө экенин белгиледи.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, экономика жана каржы тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги, министрликке, анын баалуулуктарына, максаттарына жана милдеттерине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.


Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.


Иш-чаранын соңунда Ч.Сейитов жалпы катышуучуларды сиңирген эмгеги бааланышы менен дагы бир жолу куттуктап, аларга мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарына жетүүнү, ден соолук жана бакубатчылык каалады.


Кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы жана экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жигердүү катышкандыгы үчүн жана “Финансы кызматкерлеринин күнүнө” карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:


Бекташев Кубанычбек Джумаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат секторунун эксперти;


Капарова Айнура Акимжановна - көз карандысыз эксперт;


Мусаева Айжан Эркиновна - «Аймактарды изилдөө жана өнүктүрүү борбору» мекемесинин директору;


Мурзаев Салих Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик башкаруу жана укук» кафедрасынын доценти, профессору;


Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери;


Третьяков Александр Викторович - гуманитардык долбоорлоо институтунун директору.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу